Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кычкылтек концентраторун ала келишкен: Бишкекке Екатеринбургдан 218 жаран келди

07.07.2020 10:28
922
Кычкылтек концентраторун ала келишкен: Бишкекке Екатеринбургдан 218 жаран келди


Бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарына Екатеринбургдан (Россия) 218 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

"Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугуна калтырган арыздары боюнча түзүлүп, бул каттам менен кош бойлуу аялдар, кары адамдар, Урал Федералдык аймагындагы окуу жайларда окуган кыргызстандык студенттер, Кыргызстанга келип коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган ыктыярчы дарыгерлер жана медайымдар алынып келген.

Андан тышкары активисттер жана Башкы консулдуктун кызматкерлери бул каттам менен Кыргызстандын медициналык мекемелери үчүн жалпы суммасы 4,3 миң долларга кычкылтек концентратору, глюкометр жана жеке коргонуучу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардамын берип жиберишкен", - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн