Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекке Екатеринбургдан 229 кыргызстандык жаран келди

31.07.2020 09:45
729
Бишкекке Екатеринбургдан 229 кыргызстандык жаран келди


Бишкек шаарына 30-июлда Россиянын Екатеринбург шаарынан 229 кыргызстандык жаран келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, аталган чартердик каттам менен Россияда окуган кыргызстандык студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск жана Пермдеги жарандар (ооруга чалдыккандар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайгандар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар) алынып келди.


«Тизме жарандардан жана Уралдагы кыргыз диаспораларынан түшкөн кайрылуулардын негизинде түзүлдү. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн буга чейин сатылып алынган билеттери эске алынды», - деп айтылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн