Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын 223 жараны кайтып келди

24.07.2020 09:05
1147
Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын 223 жараны кайтып келди



«Манас» эл аралык аэропортунда кечээ, 23-июлда «Урал авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанга Екатеринбургдан 223 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Бул каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Ханты-Мансийск, Нижневартовск, Жаңы Уренгойдо жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Урал авиа каттамдары» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн