Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекке Казань шаарынан 182 кыргызстандык учуп келди

17.06.2020 19:37
948
Бишкекке Казань шаарынан 182 кыргызстандык учуп келди



“Манас” эл аралык аэропортунда бүгүн, 17-июнда Казань-Бишкек каттамы боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен Россияда окуган студенттер, КР жарандары мекенине кайтарылды.


Республикалык штабдан маалымдашкандай, авиакаттам менен Кыргызстанга жалпы 167 кыргызстандык студент жана 15 жаран, анын ичинде 2 жашка чейинки балдар кайтып келди.


Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

Студенттерди кайтаруу маселеси боюнча түшүп жаткан кайрылуулар көп болуп жаткандыгын эске алып, Тышкы иштер министрлиги төмөнкүнү маалымдайт: студенттерди чыгарып кетүү үчүн атайын арналган ушундай каттамдарды уюштуруу ырааттуу түрдө улантылат, ошондой эле КР жана РФ билим берүү тармагындагы мамлекеттик органдар менен кызматташууда уюштурулат.

ТИМ учурда чет өлкөдө калып жаткан студенттерди жана алардын ата-энелерин сабырдуулукка жана коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиа билдирүүлөрүнүн токтотулушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат”, - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн