“Манас” эл аралык аэропорту 25-июлда Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кореядан 49 кыргыз жараны кайтып келди. Каттам корея тарап менен жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда Кореядагы Кыргызстандын жарандарын, Кыргызстандан Кореянын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган.
Кыргызстандын президентинин жана өкмөтүнүн чет мамлекеттердеги жарандарды кайтаруу боюнча тапшырмасын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер улантылары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн