Бүгүн, 16-июнда Кореядан 3 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу
Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, “Air Astana” казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна келишип, атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келинген.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн