Бишкек шаарына 1-сентябрда "Улан-Батор—Нур-Султан—Бишкек" багыты боюнча Монголиядан 5 жаран кайтарылды. Бул тууралууТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул каттам Монголия тарабынан Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн уюштурулган.
"Чет жерде жүргөн жарандарды кайтаруу боюнча иштер уланууда", - деп билдирет министрлик.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн