Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:23
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекке Москвадан 423 кыргызстандык жаран учуп келди

03.08.2020 08:38
893
Бишкекке Москвадан 423 кыргызстандык жаран учуп келди


Кечээ, 2-августта “Манас” эл аралык аэропортуна Москва-Бишкек багыты боюнча “Аэрофлот-Россия авиа каттамдары” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Россиядан 423 КР жараны кайтып келди, анын ичинде 41 жаш бала бар.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргызстанга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар кайтып келишти. 

Кыргызстанга КР жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон жолдорду издөө иши улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн