Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекке Москвадан 431 жаран кайтып келди

21.06.2020 19:21
1092
Бишкекке Москвадан 431 жаран кайтып келди


Эл аралык «Манас» аэропортуна 21-июнь күнү «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен "Москва-Бишкек" каттамы боюнча 431 жаран, анын ичинде жаш балдар кайтарылды.

Каттамдын орундуктары чектелүү болгондуктан жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Москва шаарындагы медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн.


Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн