Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекке Москвадан дагы 437 жаран учуп келди

14.06.2020 11:00
1099
Бишкекке Москвадан дагы 437 жаран учуп келди


Бүгүн, 14-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия аба каттамдары» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» каттамы боюнча рейс учуп келди. Бул каттам менен 437 кыргыз жараны, анын ичинде кичинекей балдар дагы кайтарылды.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн