Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекке Новосибирсктен 184 кыргызстандык жаран келди

05.08.2020 18:01
507
Бишкекке Новосибирсктен  184 кыргызстандык жаран келди


Бүгүн, 5-августта Бишкек шаарына Новосибирсктен Кыргызстандын 184 жараны учуп келди, арасында жаш балдар дагы бар.  Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, алар «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча учуп келди. 


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, депортация болгон жарандар, Сибирдин ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар.


Ошондой эле бул каттам менен Сибирь Федералдык Округунун башка региондорунан, Владивостоктон, Якутсктан, Түштүк Сахалинсктен, Хабаровсктон жана Красноярсктан КР жарандары дагы учуп келди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн