Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекке Новосибирсктен 180 жаран кайтып келди

01.06.2020 10:13
1006
Бишкекке Новосибирсктен 180 жаран кайтып келди


«Манас» эл аралык аэропортунда кечээ, 31-майда «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек рейси менен чартердик каттамын тосуп алышты, ал менен 180 КР жараны кайтып келди.


Республикалык штабдан кабарлашкандай, авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.


Бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспоралары менен биргеликте Россиянын Сибирь, Узак чыгыш жана Түндүк региондорунда жашаган КР жарандарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, кайрылуулардын түшкөн кезеги боюнча түзүлгөн.


Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. 


Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн