Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекке Новосибирсктен 192 жаран кайтып келди, арасында ыктыярчы дарыгерлер бар

10.07.2020 10:45
854
Бишкекке Новосибирсктен 192 жаран кайтып келди, арасында ыктыярчы дарыгерлер бар


Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаарына Россиянын Новосибирск шаарынан 192 кыргызстандык жаран кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, алар «Авиатрафик» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты менен келишти. 


"Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде, анын ичинде кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникасынан операция болгондор, Сибирь ЖОЖдо окуган студенттер – Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө ыктыярчы – дарыгер, медайымдар киргизилди. 


Чартердик каттам чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн