Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекке Новосибирсктен 208 кыргызстандык жаран келди, арасында медиктер бар

23.07.2020 19:05
918
Бишкекке Новосибирсктен 208 кыргызстандык жаран келди, арасында медиктер бар


Бүгүн, 23-июлда "Манас” эл аралык аэропорту «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Россиядан 208 кыргызстандык жаран келди, алардын арасында жаш балдар бар. 


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна Кыргызстанга кайтып келүүгө муктаж болгон КРнын жарандарынын кайрылууларынын кезегинин тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен КР жарандары Новосибирск, Забайкаль жээгинен, Алыскы Чыгыш, Алтай Республикасынан, Кемеров жана Сахалин облустарынан келишти. 


Мындан тышкары, Кыргызстанга коронавирус инфекцияга каршы күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган 8 медкызматкер-ыктыярчылар келди. 


Бул каттам менен Кыргызстанга Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан 700 миң рублдан ашык өлчөмдө медициналык аппаратуралардан, дары-дармектерден жана шаймандардан турган гуманитардык жардам келди.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн