Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:08
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекке Новосибирсктен 213 кыргызстандык кайтып келди

08.07.2020 18:37
990
Бишкекке Новосибирсктен 213 кыргызстандык кайтып келди


Бүгүн, 8-июлда Кыргызстанга «Сибирь» авиакомпаниясынын  Новосибирск – Бишкек каттамы менен Россиядан 213 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынан айрылып жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар кирди. 


"Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Сибир федералдык округундагы  шаарлардагы  жана региондордогу  кыргыз жарандарынын кайрылуулардын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн сунушу менен түзүлгөн. 


Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн