Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекке Новосибирсктен кыргыз жарандары кайтып келди

17.07.2020 09:10
972
Бишкекке Новосибирсктен кыргыз жарандары кайтып келди


«Манас» эл аралык аэропортунда кечээ, 16-июлда «Сибирь авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.


Мекенине Россиядан 205 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, медициналык операция жасаткандар, Россиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар.


Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн