Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекке ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары келет

17.10.2023 14:43
519
Бишкекке ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары келет


Кыргызстанда келе жаткан аптада ШКУ, КМШ жана Евразия алкагында үч ири иш-чара өтөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан айтышты.


Тагыраагы, 25-26-октябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны болот. Ага улай 26-27-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин премьер-министрлеринин кеңеши менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтмөкчү.


Бул бул күндөрү борбор калаанын жолдору расмий делегациялардын өтүүсүнө тоскоол болот дегенди билдирет.


ШКУга ар түрдүү статустардагы сегиз мүчө мамлекет кирет - Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Дагы төрт өлкө - Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия байкоочу мамлекет статусуна ээ.


КМШга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет.


ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет. Кошумчалай кетсек, Молдова, Өзбекстан жана Куба уюмда байкоочу статусуна ээ.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн