Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Түркиянын Стамбул шаарынан 165 жаран алынып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жарандар бүгүн, 27-июлда «Pegasus Airlines» авикомпаниясынын Стамбул—Бишкек—Стамбул каттамы менен келишти.
Аталган каттам эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарын мекенине кайтаруу боюнча жетишилген макулдашуунун алкагында уюштурулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн