Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекке Таиланддан кыргыз жарандары кайтып келди

02.08.2020 10:30
623
Бишкекке Таиланддан кыргыз жарандары кайтып келди


Чет мамлекеттерден КР жарандарын кайтаруу боюнча КР президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруунун алкагында кечээ, 1-августта КР ТИМи Казакстан тарап менен биргеликте Таиланд Королдугунан 7 КР жаранын кайтаруу иши жүзөгө ашырылды.


Республикалык штабдан билдиргендей, «SCAT Airlines» казакстандык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бангкок шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен чыгарылган.


Чет мамлекеттерде калып жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалап жаткан КР жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон маршруттарды издөө, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен, иштер улантылууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн