Райымбек Матраимов Бакуда кармалды. Бүгүн, 26-мартта Бишкекке жеткирилет. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарга таянуу менен билдирди.
26-январда УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө салган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда аны күч менен кармоо жолу менен анын кыймыл эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү” боюнча айып тагылган.
23-мартта издөөдө жүргөн адам Азербайжандын борбору Баку шаарында экени белгилүү болгон. Буга байланыштуу УКМК Азербайжан бийлигине Райым Матраимовдун кармалышы боюнча кат жолдогон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн