Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:19
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекке бир күн толук мэр болбогон Эрмек Нургазиев ири көлөмдө алдамчылыкка шектелип кармалды

20.03.2022 08:20
521
Бишкекке бир күн толук мэр болбогон Эрмек Нургазиев ири көлөмдө алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев кармалганын милициядан кабарлады.

Эскерте кетсек, Нургазиев өткөн жылдын 9-февралында мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, эртеси премьер-министр тарабынан кызматтан алынган. Соцтармакта анын дарегине сын айтылып, шылуундукка айыпталып, аялга кол көтөргөн окуясын да эстешкен.

Нургазиевдин кармалышынын чоо-жайын билүү үчүн редакция Чүй облустук ИИББге кайрылды.

"2019-жылдын июль айынын башында Октябрь РИИБге Н.Э. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн жамааттык кат келген. Анда турак жай-курулуш кооперативинин төрагасы болуп турган Н.Э. сатылган батирлерди кайрадан сатканы айтылган. Натыйжада 68 550 долларлык зыян келтирилген", — деди милициядан.

Аталган факт Октябрь РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган. Үстүбүздөгү жылдын 17-мартына прокуратура органдары тарабынан бул сотко чейинки өндүрүштү тергөө Чүй облустук ИИББге тапшырылган.

"18-март күнү аталган кылмышка шектүү катары Н.Э. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн үстүнөн 7 арыз түшүп, 4 700 доллар жана 309 000 сом зыян келтиргени аныкталды. Жалпы жонунан зыяндын көлөмү 73 250 доллар жана 309 миң сом деп бааланууда ", — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүдөн жабыркагандар болсо 102 номери аркылуу байланышууну өтүндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн