Бишкек шаарынын мэриясы Азия өнүктүрүү банкы жана эл аралык капиталдан келген жардамга 120 электробус сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Бишкек транспорттук башкармалыгынын юристи Улан Нажимудинов билдирди.
Электробустар Бишкек борборунан төмөнкү каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Ала-Тоо конушу — Асанбай кичи району;
Көлмө конушу — Көк-Жар конушу;
Барпы Алыкулов көчөсүнөн Көк-Жар конушуна чейин;
Арча-Бешик конушу — Чолпон-Ата жана Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
Көк-Жар конушу — Аламүдүн-1 кичи району.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн