Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекке карантиндик режим киргизилеби?

26.03.2021 12:34
806
Бишкекке карантиндик режим киргизилеби?

Бишкекте карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда шаардык штаб борбор шаардын аймагына карантин киргизүү маселесин карай элек.


“Азыркы учурда коомдук жайларда санитардык нормаларды сактоону, атап айтканда бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, санитардык тазалоону киргизүүнү көзөмөлдөп жатабыз. Ошондой эле, ишкердик субъектеринин ээлеринин аталган нормаларды сакталышына көзөмөл күчөтүлөт”,-деди ал.


Вице-мэр эпидемиологиялык абал начарласа шаардык штаб кошумча чектөө чараларын киргизүү маселесин карайт деп белгиледи.


Өз кезегинде КРнын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы адиси Айбек Оморов көптөгөн ишкерлер жана шаардыктар жөнөкөй эле санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын белгиледи.


“Өткөн жылы 3 миң 961 ишкердик субъектери текшерилип, бузуу тууралуу 607 протокол түзүлгөн. Азыркы учурда ишкердик субъектеринин санитардык эрежелерди сактоосу боюнча рейддер уланууда”,-деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн