Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекке орусиялык 50 дарыгер келди, алар аймактарда иштешет

23.07.2020 10:23
1018
Бишкекке орусиялык 50 дарыгер келди, алар аймактарда иштешет


Бүгүн, 23-июль күнү Кыргызстанга Орусиядан 50 медицина кызматкери келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, медицина кызматкерлерин "Манас" аэропортуна Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы жеткирген.


Башкортостан Республикасынан республиканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген тажрыйбалуу медицина кызматкерлери келген.


Евгений Кустовдун айтымында, 50 адистен турган 5 медициналык топко хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонологдор жана башка адистер кирген.


Ал белгелегендей, алар Кыргызстанда бир айга жакын убакыт болушат. Ал убакыт ичинде COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардам берүүнү уюштурууга көмөк кылышат. Орусиялык адистер кызыл зонада иштеп бейтаптарды дарылоого практикалык жардам көрсөтөт.


Орусиядан келген медицина кызматкерлерин Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов тосуп алган. 


"Бүгүн россиялык адистер Кыргызстандагы абал менен таанышат. Эртеңден тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун ооруканаларында иштеп башташат", - деди ал. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн