Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 15:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Бишкекке стадион курула турган болсо, ФИФА каржылык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр

09.04.2021 11:31
1236
Бишкекке стадион курула турган болсо, ФИФА каржылык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр

ФИФА Бишкекке стадион курула турган болсо каржылык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргыз Футбол союзунан билдиришти.


Белгилүү болгондой, 8-апрелде Бахрейнде КФСтин президенти Канат Маматов менен ФИФАнын президенти Жанни Инфантинонун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар футболду өнүктүрүү жана Кыргызстандагы инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулашты.


“Бизге өкмөт жер бөлүп берсе, Бишкекте футболдук борбор куруу маселесин өзгөчө белгилеп өттүк. ФИФА бул долбоорду ассоциацияларды колдоо программасынын алкагында каржылоону караштырууга даяр экендигин билдирди. ФИФАнын Президенти ошондой эле футболдук инфраструктураны куруу үчүн Кыргызстандын инвесторлорго ачыктыгынын деңгээли, ошондой эле инвесторлорго бериле турган шарттар жана жеңилдиктер жөнүндө сурады",- деп жазылат маалыматта. 


Мындан сырткары, эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, ФИФАнын президенти Кыргызстанга келерин билдирди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн