Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Бишкекке жакын жайгашкан "Кашкулак" тоо лыжа базасы расмий ачылды

24.12.2023 10:53
219
Бишкекке жакын жайгашкан "Кашкулак" тоо лыжа базасы расмий ачылды


Күн мурун, 23-декабрда Кашка-Суу аймагындагы "Кашкулак" тоо лыжа базасы расмий ачылды. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Туризм департаментинин башкы адиси Д. Дайырбеков, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Б. Дыйканбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Кашкулак” тоо лыжа базасынын лыжа трассына чыгуу үчүн узундугу 950 метрлик асма жолу бар (канатная дорога).

Белгилей кетсек, эс алуучулардын карамагында эки лыжа аянтчасы бар: биринчисинин батыш тарабында, узундугу 1600 метр, экинчиси чыгыш тарабында, узундугу 1550 метр. Саатына 2 миң кишиге чейин тейлөө мүмкүнчүлүгү базанын жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат. Түнкү жарык жана кар генераторлорунун жардамы менен күнү-түнү лыжа тебүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн