Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекке жакын жерде “Байтик Ресорт” курорту курулат

28.08.2023 15:19
399
Бишкекке жакын жерде “Байтик Ресорт” курорту курулат


Бишкектен түштүктү карай 20 километр аралыкта “Байтик Ресорт” курорту пайда болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Фонддон белгилешкендей, Советтер союзунун базасындагы тоо лыжасына арналган, учурда көбүнесе иштебей турган “Политех”, “Кашка-Суу” жана “Оруу-Сай” эс алуу жайлары тоо лыжасы жана тоо туризми боюнча жылы бою иштей турган бир кластерге бириктирилет.

“Оруу-Сай” асма жолунун ылдыйкы станциясы Бишкек шаарынан 30 мүнөттүк жол аралыгында жайгашат. Бул жерге чейин коомдук транспорт жүргүзүү иштери пландалууда.

Долбоордун башкы максаттарынын бири - элди тоо лыжасына тартуу болуп саналат. Анын иши жай мезгилинде да иши токтобойт. Каалоочулар ысыктан калкаланып, спорт менен машыгып, убактысын кызыктуу өткөрүп кетсе болот. Эс алуу жайынын эң чоң артыкчылыгы - борбор калаага жакын жайгашкандыгы.

Бул долбоор 2022-жылы Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан демилгеленген. Жакында долбоор министрлеркКабинетинин төрагасына жана бир канча мекемелердин башчыларына жиберилген жана ал жактан андан аркы өнүктүрүү планы жактырылган.

Комплекстин аймагындагы спорттун түрлөрү:

Кышкылары:

Тоо лыжасы, сноубординг, фри ски, бэккантри ски, балдар тюбинг-паркы, балдардын кар айылы, кар баскычтар менен жүрүш жасоо.

Жайкылары:

Жөө сейилдөө, параплан менен учуу, ат минүү жана маунтинбайк тебүү, тоо велосипеди менен ылдамдыкта түшүү, флоу-трейл, балдар ВМХ-паркы, родельбан, тоо карталары, жөө жүрүштөр, чеберчилик паркы, оюн аянтчалары, аквапарк жана сууда сүзүү.

Жыл бою иштегендери:

Эс алуу жайы, панорама аянтчалары, байкоо мунаралары, этно маданий инсталляциялар, зиплайн, барбекю аянты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн