Бүгүн, 25-декабрда Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан "Вилла В" ресторанынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 11:10он тарта жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча 11:18де Штаб, 11:23 Биринчи май райондук АКӨБдан суу ташуучу унаа, 11:45те ККББнан атайын унаа менен Ыкчам топ тартылган.
Тилсиз жоо саат 12:05де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Маалыматка ылайык жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн