Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекке жаңы алып келинген автобустар каттамга чыкты

17.02.2023 10:17
300
Бишкекке жаңы алып келинген автобустар каттамга чыкты



Бишкек шаарында 2023-жылдын 17-февралынан тарта 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамдарга чыга баштады. Бүгүнтөн баштап бекитилген маршруттар боюнча 38-42-48- жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, жапыз  полдуу автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар. Мындан тышкары ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.


Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:


№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон— 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.


№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.


№ 48 автобус (Батыш автобекети - Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.


Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн