Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекке жаңы келе турган автобустарга айдоочулар кабыл алынат

29.11.2022 16:37
382
Бишкекке жаңы келе турган автобустарга айдоочулар кабыл алынат

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы "Д" категориясындагы айдоочуларды кабыл алат. Бул тууралу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочулар жумушка борборго 120 жаңы кытай автобустарынын келишине байланыштуу алынууда.


"Документтердин стандарттык топтомунан тышкары, талапкерлер автотранспортту газ кыймылдаткычы менен башкарууга уруксат берген күбөлүктү көрсөтүшү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, автобустар 10,5 метрлик жана кондиционер менен жабдылган. Автобуста бардыгы болуп 75 орун бар, алардын 26сы отургандар жана 1 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн. Ошондой эле, автобус автоматтык берүү жана бүктөлүүчү шаты менен жабдылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн