Кудайбергенов Бактыбек Жапарович жаңы мэр шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.
Буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Кудайбергенов буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Ысык-Ата районунун акими болуп иштеген.
Пикирлер (1)