Жыл аягына чейин Бишкек шаардык мэриясы көп орундуу жана заманбап үлгүдөгү 120 автобус сатып алат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган автобустарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.
“Негизи 1 млрд сомго 100 автобус сатып алуу пландалган. Бирок, биз каражатты үнөмдөө жаатында бир топ иш-чараларды жүргүзүп, 100 автобустун ордуна 120 автобус сатып алганы жатабыз”, - деди ал.
Нусувалиев белгилегендей, бул автобустар бир айдын аралыгында келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн