Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте 5 өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары жолугушту

07.04.2022 20:29
688
Бишкекте  5 өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары жолугушту

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин аймактык кеңешмеси өттү. Бул туурасында бүгүн, 7-апрелде УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.


Аймактык форумга шериктеш 5 мамлекеттин чек ара ведомстволорунун делегациялары: Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңешинин координациялык кызматы катышты. Жыйындын катышуучуларына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзү менен кайрылды.


"Жолугушуунун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин Борбордук Азия чөлкөмүндөгү тышкы чек аралардагы коопсуздуктун негизги маселелери жана коркунучтары, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүү тенденциялары, чек ара коопсуздугун мындан ары биргелешип бекемдөө боюнча чаралар талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, анын сунуштары 18-майда Түркстанда өтүүчү чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешинин жыйынында талкууланат", - дешет мекемеден.


Кийинки аймактык кеңешме 2023-жылдын биринчи кварталында Казакстанда өткөрүлөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн