Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган митинг болуп өттү

22.02.2024 13:20
268
Бишкекте  Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган митинг болуп өттү


Бишкекте Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган Бишкек гарнизонунун аскерлери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана мектеп окуучуларынын катышуусу менен митинг болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Кыргызстанда аккредитацияланган аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, ошондой эле борбор калаанын тургундары катышты.

Митингдин алдында коргоо министри Бактыбек Бекболотов баштаган Коргоо министрлигинин жетекчилери “аскердик каармандык” монументине гүлчамбар койду.

“Ата Мекенди коргоочулардын күнү бардык муундагы жоокерлердин чыныгы элдик майрамы экендигин белгилеп, жер бетинде жашап жаткан ар бир адамдын парзы – бул биздин жана урпактарыбыздын келечеги кимдин эрдиги менен келгендиги эскерүү биздин парзыбыз”, - деди коргоо министри өз сөзүндө.

Ошондой эле ал “Жалпы мамлекеттик масштабда Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөө мамлекеттин, коомдун өз армиясына болгон терең урмат-сыйын, анын күжүрмөн эрдигин, баатырдыгын жана тайманбастыгын таануу болуп саналат”, - деп баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын мыкты салттарын татыктуу сактап, аны улантышууда. Алар үчүн аскердик милдетке, антка, аскердик достукка берилгендиги ата-балардын алдында ыйык милдетти. Алар өздөрүнүн аскердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууда туруктуулуктун жана жан аябай кызмат кылуунун, кесипкөйлүктүн жана мекенчилдиктин үлгүлөрүн көрсөтүүдө”, - деди Бактыбек Бекболотов.

Сөзүнүн аягында коргоо министри иш-чаранын катышуучуларына чың ден-соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады, ал эми Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамына даярдык көрүүдө кесипкөйлүктү жана аскердик чеберчиликти өркүндөтүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын соңунда “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын сыйлоо жөнүндө” буйругу жеткирилип, Коргоо министрлигинин кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары сыйланды.

Мекенди коргоочулар күнүнө арналган митинг Бишкек гарнизонунун аскерлеринин салтанаттуу саптык жүрүшү жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн армиясынын борбордук үйүнүн чыгармачыл тобунун майрамдык концерти менен аяктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн