Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:48
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте Баткен облусунун эвакуацияланган тургундары үчүн төрт пункт ачылды

26.09.2022 09:50
410
Бишкекте  Баткен облусунун эвакуацияланган тургундары үчүн төрт пункт ачылды

Республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу борбордо Баткен районунун тургундары үчүн 4 пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:


- Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495, маалымат үчүн телефон: 0(312) 670433, 0700 020167;

- Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй пр., 28, маалымат үчүн телефон: 0(312) 530368, 0702148830;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик Баатыр көчөсү, 17, тел. 0312 51-02-63, 57-04-59;

- Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: көч. Литвенко 2, маалымат үчүн телефон: 0(312) 653748, 653926.


Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы Республикалык штабды материалдык-техникалык жактан камсыздап, Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык администрациялардын жооптуу кызматкерлери тарабынан келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт уюштурган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн