Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:25
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте эки күндүзгү стационар убактылуу жабылды

03.08.2020 09:27
1165
Бишкекте эки күндүзгү стационар убактылуу жабылды


Бишкек шаарында эки күндүзгү стационар бейтаптар аз болгондугуна  байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 1-августта күндүзгү стационарлар 1 миң 176 адамды кабыл алды. Ал эми 2-августка караган түнү 192 адам кайрылды. Адам өлүмү катталган жок.


"Чыгашаны оптимизациялоо жана адам ресурсун сактоо үчүн бейтаптар аз болгон айрым стационарлар жабылат. "Сейтек" мектебиндеги күндүзгү стационар жана "Салтанат" ресторанындагы түнкү стационар жабылды. Жал кичи районундагы №95 мектептеги стационар эртең жабылат", - деп айтылат маалыматта.


Калган стационарлар штаттык режимде иштейт. Учурда борбордо 12 стационар бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн