Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте унаада өз күйөөсү тарабынан сабалган аялдын видеосу тарады (Видео)

 Бишкектеги Кустанай көчөсүндө кызды сабаган видеосу тарады. Бул тууралуу окурмандар 24.kg маалымат агенттигине билдиришкен. Алардын айтымында, окуя саат 18.00 чамасында болгон.


«Биз ушул көчө менен кетип бара жатып, алдыбызда турган унаанын эшиги жүрүп бара жаткан жеринен ачылганын байкадык. Унааны ашып өтүп, айдоочунун кызды сабап жаткандыгын көрдүк. Бир аздан кийин ал унааны токтотуп, жүргүнчү кыз көчөгө чуркап чыкты. Биз милиция чакырдык. Кыз арыз жазуудан коркуп жатат. Ал бул адам аны эки баласы менен кошо өлтүрүп, акча берип укук коргоо кызматкерлери менен тил табышып алат деп коркууда», - деди күбөлөр.


Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы окуяны тастыктап, милиция кызматкерлери жеринде иштеп жаткандыгын билдирди. Окуянын чоо-жайы териштирүүнүн жыйынтыгы менен маалымдалат.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульнур
УШУНДАЙЛАРГА КОРГОЗМОЛУУ КАТУУ ЧАРА КОРБОЙСУНОРБУ!!! МИЛИЦИЯ ИШТЕБЕЙТ!!! 102 ЧАЛСА АЛБАЙТ!!! КОЗ КОРУНОО УРУП ЖАТАТ, ТАКЫР КОРКПОЙ КАЛДЫ МЫЙЗАМДАН!!!