Бишкек шаарынын мектептеринде 1-класстын окуучулары 14-февралдан 19-февралга чейин каникулга чыгат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуу процесси 2022-жылдын 21-февралынан тарта уланмакчы.
Биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген 2021-2022-окуу жылына жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу планынын негизинде билим берүү башкармалыгы тарабынан белгиленет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн