Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте 10-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат

08.07.2024 12:31
153
Бишкекте 10-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат


Бишкекте 10-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүн ачуу пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде учурда бир катмар асфальт басылды. Экинчи катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери чийилгенден кийин, аталган бөлүк ачылат.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр/Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдолот. Буга чейин Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн соң пайдаланууга берилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн