Бишкек шаарындагы №2 орто мектептин имаратынын базасында 118 кызматынын колл-борбору ачылды.
Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, аталган кызмат ага тартылган операторлордун саны көбөйгөнүнө байланыштуу көчүрүлгөн. Учурда 40 клиникалык ординатор, ыктыярчы медик күнү-түнү телефон чалууларга жооп берип жатат. Алар КР Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча кеңеш беришет.
Ошону менен бирге мэрия Саламаттык сактоо министрлигинин 28-июндагы буйругуна ылайык, мобилдик бригадалар чалуу түшкөн үйгө барып ПЦР-тест албай турган болгону айтылат. Алар бейтаптын абалын текшерип алгачкы диагнозун аныктайт.
1-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5735 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны - 62.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн