Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

09.10.2023 12:54
215
Бишкекте 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат


Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 2023-жылдын 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлкекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Төмөндө чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:

— Манас Эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
—Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
— “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин;
— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

ЖКККББ жалпы айдоочуларды мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн