Бишкекте ыкчам кызматкерлер алдамчылыкка шектелген аялды кармашты. Ал шаар тургунунун бриллиантын алдоо жолу менен алып из жашырып кеткен дешет Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан. Белгилүү болгондой, 30-майда шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.
Анда баасы 1 миң 200 доллар турган бриллиантын Б.Т. аттуу аял сатып берерин айтып, ишенимге кирип алгандан кийин күрөөканага өткөрүп, из жашырып кеткени айтылган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары 52 жаштагы Б.Т. кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (505) 22-77-25, 0 (702) 71-73-08 же 102.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн