Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 00:27
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Бишкекте №13 жаңы автобус каттамы ачылды

24.10.2024 13:47
36
Бишкекте №13 жаңы автобус каттамы ачылды


Бүгүндөн тарта Бишкекте №13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, автобус Алмата 1/1 дарегиндеги “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт. Жол кире накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичинде "Акжол" кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш башталды.

Буга чейин батыш автобекети жана "Акжол" кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн