Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан Репин көчөсүндө 13 жаштагы өспүрүм бала 8-кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза тапты. Бул тууралуу Кактус.медиа редакциясы Ленин РИИБге таянып билдирди.
Маалым болгондой, 31-июль күнү саат 10:30дар чамасында 13 жаштагы өспүрүм бала көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн. Өспүрүм алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аталган окуяны каттоого алып, териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн