Бишкек шаарында 14 кичи автобустун маршруту өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта мэриядагы брифингде шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов билдирди.
Анын айтымында, борбор калаага газ менен жүргөн 100 жаңы автобус алынып келгенден кийин 14 кичи автобус Бишкек шаарынын борборун айланып жүрүп калат.
Азырынча газ менен жүрө турган автобустар качан алынып келери белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн