Бишкекте 14 мектеп окуучусу коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу Эльмира Иманалиева брифингде билдирди.
Анын айтымында, азыр мектептерде окутуу салттуу түрдө жүрүп жатат.
"Бүгүнкү күндө 14 окуучу, 7 мугалим коронавирус илдетин жуктуруп, азыркы учурда дарыланууда.
Мындан сырткары, 3496 окуучу жана 51 мугалим сасык тумоо болуп калган.
Окуучуларга жана ата-энелерге дагы бир жолу эскерте кетейин окуучулар мектепке каалаган формасы менен келсе болот. Бирок жана таза болушу керек",- деди Иманалиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн