Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

07.05.2024 14:48
517
Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү


Бишкекте жол кырсыгына байланыштуу №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу өзгөртүлдү.

Белгиленгендей, троллейбус жол кырсыгынын кесепеттери жоюлганча "Жал" кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттайт.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталган. Автобус айдоочусу өзүн жаман сезип, троллейбус линиясынын таяныч мамысын сүзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн