Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 06:31
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бишкекте 15 текшерүү пост, 32 санитардык пост орнотулду

24.03.2020 22:56
1000
Бишкекте 15 текшерүү пост, 32 санитардык пост орнотулду


Бишкек шаары боюнча өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жүрүүчү жолдордо 15 текшерүү посттор орнотулду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 24-мартта брифингде билдирди.


Анын айтымында, мындан тышкары 32 санитардык текшерүү посттору орнотулду. Жолдо жүрүүдө эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын дайындалган мобилдик топтор жана потрулдук кызматкерлер көзөмөлгө алышат.


Өзгөчө абалдын шарттарына ылайык, эрте мененки саат 7ден кечки саат 20:00гө чейин адамдардын себепсиз көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынат. Эгерде көчөдө максатсыз жүргөндөр болсо жана өздүгү аныкталбаса потрулдук кызматкерлер тарабынан камоого алынат.


Ошондой эле, күндүзгү маалда 3 себеп менен чыкса болот: дарыканаларга, дүкөнгө жана ооруканага барууга. Ал эми түнкүсүн эч качан чыкпоо керектиги талап кылынат


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн