Бишкекте 16 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, 9-январь күнү саат 08:41 чамасында Бишкек ШИИББинин «102» кызматына Т.Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан жаш кыз кулап түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барган. Милиция кызматкерлери 12-кабаттын терезесинен кыз кулап кеткен К.Н. атуу кыз каза болгонун аныкташкан. аныкташкан. Ал 2007-жылы туулган.
Учурда аталган кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн