Бишкек шаарында 18, Чүй облуусунда 19 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов районунда 31-майда саат 17:18де Учкун кичи районунун Миң-Булак көчөсүндө Чоң Чүй каналына 18 жаштагы М.Н. аттуу эркек бала чөгүп кеткен.
Ошондой эле Аламүдүн районунда 31-майда саат 14:19да ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 19 жаштагы С.М. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.
Куткаруучулар маркумдардын жансыз денелерин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн